Услуги грузовой авиации в Африке

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы жүк авиациясынын Африкада кызмат көрсөтүүсүн сунуштоого кубанычта. Биздин учактар континенттин каалаган өлкөлөрүнө учат, ошондуктан, эгерде сизге кандайдыр-бир буюмдарды бир мамлекеттин ичинде же анын чет жактарына  ташуу зарыл болсо, анда биз сөзсүз сиз үчүн ылайыктуу аба унаасын таап беребиз.

 Жүктөрдү авиаташууга буйрутма кылуу үчүн биздин сайтка табыштама калтыруу  же менеджер менен байланышып жана кандай каттам сизге керектигин түнүшүндүрүү жетиштүү. Жеткирүүнүн баасын эсептөө үчүн, кийинки берилмелерди көрсөтүңүз:

– учуп чыгуу  жана көздөгөн пункту,

Услуги грузовой авиации в Африке

– жөнөп кетүү датасы,

– жүктөрдүн түрү жана мүнөзү,

– алардын болжолдуу салмагы жана көлөмү.

AVIAV TM (Cofrance SARL) кызматкери дароо сизге каттамдын болжолдуу баасын айтат, ал эми так сумманы бардык майда чүйдөсүн макулдашкандан кийин эсептөөгө болот. Келишим алыстан түзүлөт, ал эми төлөмү болсо банктык которуу аркылуу жүргүзүлөт. Керектүү күнү жүктү айтылган жерден алып кетишет, таңгакташат, аэропортко чейин жеткиришет жана бурйрутмачынын эшигине чейин  көздөгөн пунктуна жеткиришет, чачылган конструкцияларды, эгерде алар бар болсо чогултушат. Зарыл болсо биз сизге керектүү шаарда буюмдарды сактоого кампа беребиз.

Биз жүктүн бардык түрлөрү менен иштейбиз

Жүк авиациясынын кызмат көрсөтүүлөрү ар кандай жагдайларда зарыл болот. Аларды уюмдар товарларды жана жабдууларды жеткирүү үчүн барынан көп буйрутма беришет. Эгерде тез бузулуучу азык өнүмдөрү же гүлдөр жөнүндө айтсак,     

Услуги грузовой авиации в Африке

алар өзгөчө актуалдуу. Автоунаанын бөлүгүн же ар кандай багыттагы техниканы оңдоо үчүн шашылыш жөнөтүү тарап кылынышы аз эмес.

Жүктөрдү авиаташуунун жеке максаттары үчүн дагы өтө зарыл болот. Эмеректи башка шаарга же өлкөгө жеткирүү, музыкалык аспаптары, искусствонун буюмдары жана баалулуктары, маанилүү документтер, – ушулардын бардыгы үчүн жүк авиациясы алмаштырылгыс нерсе. Үй жаныбарларын, ал эми кээде жапайы жаныбарларды ташуулар талап кылынган учурлар аз эмес. Биз иттерди жана мышыктары гана жөнөтпөстөн, ири малды, канатууларды, сууда жашоочуларды да жана башка каалаганыңызды жөнөтүүгө жардам беребиз. Зарыл болгондо ветеринардын, дрессировщиктин же жөн эле коштоочу адамдын кызмат көрсөтүүсү сунуш кылынат.

Коштоочу документтер

Кандайдыр-бир буюмдарды же жаныбарларды жөнөтүүдө дээрлик ар дайым маалымкаттар, уруксат берүүчү жана башка документтерди тариздөө талап кылынат. 

Африкадагы жүк авиациясы деле ошондой эле. AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы, аэропортто эч кандай кыйынчылыктар пайда болбош үчүн, керектүү болгон бардык кагаздарды чогултууга жардам берет. Биздин штатта, кыйын жагдайларда консултация бергенге даяр болгон, тажрыйбалуу юристер иштешет, мисалы, эгерде кандайдыр-бир баалуулукту, атиквариатты, искусство буюмун чыгарып жетүү жөнүндө сөз болсо. Ар бир учур озүнчө индивидуалдуу болуп саналат, талаш жагдайларда биз өзүбүздүн кардарлардын кызыкчылыктарын коргоого жардам беребиз.

Биз каттамдарды дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн заманбап учактарында камсыз кылабыз. Моделди тандоо жөнөтүүлөрдүн салмагынан жана тышөлчөмдөрүнөн көз каранды болот.

Кандай болсо да авиаташуу таптакыр коопсуз болуп саналат: сиздин  буюмдарыңыз эң мыкты сакталып келет. Бирок кааласаңыз,  бары бир жүктү камсыздандырып койсоңуз болот, ал учурда  AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы жардам берет. Биз ишеничтүү фирмага кеңеш беребиз, келишим туура түзүлүп жана ал мүмкүн болгон тобокелдиктерди жапканын  көзөмөлдөйбүз. Жөнөтүүлөрдү камсыздандыруу жөнүндө бардык маалыматты сиз дайыма биздин менеджерден билсеңиз болот.

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы, аэропорттору бар шаарлардагы,  Африканын бардык өлкөлөрүндө иштейт. Ошондой болсо да жетүүгө кыйын болгон жерлерге биз дайыма жүктөрдү ташууга көп эле пайдаланылуучу, тик учмаларды сунуш кылууга даярбыз. Биз менен кызматташуу ыңгайлуу жана жагымдуу: пайдалуу шарттарда бардык татаалдыктагы каттамды биз ыкчам уюштурабыз.